Жаңылыктар
“Ак-Жол” жана “Кордай” өткөрмө пункттарын реконструкциялоо маселеси талкууланды
Чек ара
“Ак-Жол” жана “Кордай” өткөрмө пункттарын реконструкциялоо маселеси талкууланды

Кыргызстан менен Казакстандын Тышкы иштер министрлери “Ак-Жол” жана “Кордай” өткөрмө пункттарынын иши менен таанышып, аларды реконструкциялоо маселесин талкуулашты. 20-майда расмий визит менен келген коңшу өлкөнүн башкы дипломаты Бейбут Атамкулов Кыргызстандын Тышкы иштер министри менен алгач чек ара бекеттерине барды. 

Жолугушууга эки өлкөнүн тиешелүү мекеме жетекчилери, чек ара кызматтарынын башчылары катышып, өткөрүү пунктарын модернизациялоого байланыштуу маалыматтарды беришти. Тышкы саясат мекемелери туристтик эс алуу мезгилинин жыйынтыгы менен бекеттердин инфратүзүмүн жакшыртуу боюнча келишим түзүүнү макулдашты. 

Атамкуловдун расмий визитинин жыйынтыгы менен министрликтердин ортосунда 2019-2020-жылдарга карата кызматташуу программасына, ошондой эле өкмөттөр аралык чек ара маселесине байланыштуу протоколго да кол коюлду.