Жаңылыктар
Москвада Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүгүн көрсөткөн форум өттү
Туризм
Москвада Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүгүн көрсөткөн форум өттү

Туризм өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон тармактын сап башында турат. Бул туурасында Москвада өткөн "Күнөстүү Кыргызстан, Ысык-Көл 2019" туристтик форумунда айтылды. Иш-чаранын коноктору Кыргыз жергесинде чыгарылган азыктар менен түркүн түстүү буюмдарга күбө боло алышты. 

Сулуулук менен дарылык касиеттин ширелишинен бүткөн ажайып жер. Ысык-Көл аймагы нечендеген жылдар аралыгында өзгөчө климатка ээ болгон. Мына ушундай кооз жердеги Совет мезгилинде таанымал болгон пансионаттар менен ден соолукту чыңдоо жайлары москвалык туроператорлорго эс алып көңүл ачуу боюнча атайын презентация өткөрдү.

Туристтердин коопсуздугу негизги талаптардан. Ошол эле мезгилде көлдүн жаратылышы тууралуу унутпоо зарыл. Көлгө эс алуу үчүн келген чет өлкөлүктөрдүн саны жыл сайын өсүүдө. Буга албетте Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын да салымын айта кетүү керек. Акыркы жылдары этнотуризмдин да алдыга карай жылыш жасап жатканын баса белгилеп кетсек болот. Тоң районунун айылдары дал ушул этнотуризмди колго алганы кубандырбай койбойт. Россиялык өкүлдөрдүн айтымында, Кыргызстан бул тармакты өнүктүрүүдө жаштарды тартып, курортторду заман талабына ылайык келтирүүнүн үстүндө иш алып баруусу керек. 2020-жыл Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы байланыш жылы болуп аныкталды.

Бул жерге келгендерге Кыргызстандын жети дубанынан чыккан продукциялар тартууланды. Сүт, колбаса азыктары, бал, Жалал-Абад минералдык суусу, Таластын буурчагы, Баткендин өрүгү, Оштун алчасы менен Кочкордун айтылуу тузу конокторду кызыктырбай койгон жок. Иш чара уюштуруучуларды да кайдыгер калтырган жок. Мындай жакшы саамалык инвесторлор менен туристтер үчүн, өз тандоосун туура багыттап алууга шарт түзөрү бир ооздон айтылды.