Жаңылыктар
Кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
Кылмыш
Кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

12 миң долларга материал алып, качып кеткен кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу  ички ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматтарга караганда, буга чейин ички иштер органдарына Өзгөн районунун жашоочусу алдамчылык боюнча арыз менен кайрылган. Бул факты боюнча  кылмыш ишине шектүү делген  Талас облусунун 1984-жылы туулган тургуну аныкталган.  Ага издөө жарыяланып,  19-май күнү кармалган. 

Криминалдык милиция кызматынын маалыматында ал  жаран уюшкан кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү катары  каттоого алынган. Учурда  сотко чейинки иликтөөлөр жүрүүдө.