Жаңылыктар
Өкмөт аппаратындагы кадрдык өзгөрүү
Кыргызстан жаңылыктары
Өкмөт аппаратындагы кадрдык өзгөрүү

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн аппарат жетекчиси Шамил Асымбековду ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу сунуштаманы Президент Сооронбай Жээнбековдун кароосуна киргизди. Өкмөт башчынын мындай сунушуна Асымбековдун кызматтан бошотуу тууралуу өз арызы негиз болгон.

Министрлер кабинетинин жетекчисинин чечимине ылайык, Мурат Мукамбетов Өкмөттүн Аппарат жетекчисинин орун басары кызматынан бошотулду. Мукамбетовдун кызматтан кетүүсүнө анын берген арызы негиз болгон. 

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү тараткан билдирүүгө ылайык, кадрдык чечим «КТ Мобайл» ЖЧКсынын жана улуттук уюлдук байланыш операторун түзүүнүн, Ачык Өкмөт Улуттук форумунун катчылыгынын ишмердүүлүгүнө байланышкан акыркы окуяларды эске алуу менен кабыл алынды.