Жаңылыктар
Баткен өрүгүн түз экспорттоого шарт түзүлдү
Аймак
Баткен өрүгүн түз экспорттоого шарт түзүлдү

Баткен районунун Кара-Бак айылы райондогу эң көп өрүк өндүрүлгөн аймак. Бирок, бул жемиш Тажикстандык ишкерлер аркылуу тышкы базарга чыгып, жергиликтүү багбандар болсо тажик ортомчуларына арзан баада сатышат. Айыл тургуну Курбанбек Обозов айылда кургатылган мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү ишкана куруп, Баткен өрүгүн түз экспорттоого шарт түзгөн.

Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүндөгү “Алтын аймак” ЖЧКнын бул ишканасы кургатылган мөмө-жемиштерди кайра иштетүүгө багытталган. Учурда бул жерде өрүктү, алма какты жана кара өрүктү Орусия, Турция жана Америкага чейин экспорттошууда”.Бул жумуштарды 2017-жылдан бери жергиликтүү ишкер Курбанбек Обозов колго алган. Баткен өрүгү тажик соодагерлерине сатылып, Тажикстандын бренди менен тышкы базарларга чыгып жатканын көргөн ишкер багбандардын өрүгүн жеринен экспорттоого жетишкен.

Бул ишканадан кургатылган мөмө-жемиштерди өлкөбүздүн башка аймактарынан да сатып алышат. Сапаты жагынан бардык талаптарга жооп бергендигинен кардарлары да көп. Өрүктүн мекени болгон Баткен облусунда бул сыяктуу ишканалар көбөйсө, айылдын эле эмес мамлекеттин өнүүгүүсүнө да салымы чоң.

Жеке ишкердин бул демилгеси аркылуу айылдагы жумушсуздук азайып, кайра иштетүүчү ишканада30 га жакын адам туруктуу жумуш орду менен камсыз болду. Жергиликтүү бюджетке болсо, жылына 100 миң сомго чейин салык чегерилет. Багбандар ортомчуларсыз жемиштерин сатууга жетишти.

Курбанбек Обозов Баткен өрүгүн дүйнөлүк базарларга чыгарууну жолго салган ишкер. Муну менен ал өз айылынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуп, кайрымдуулук иштеринде да орду чоң.