Жаңылыктар
Жапонияда жер титиреди
Дүйнө
Жапонияда жер титиреди

Жапонияда жер титирөө болду. Очогу Кумамото шаарындагы зилзала Кюсю аралында 7 баллга жеткен. Жер титирөөдөн тогуз киши мерт кетип, 200дөй адам ооруканага жаткырылды.

 Алдын ала маалыматтарга таянсак, зилзаланын кесепетинен ондон ашык имарат кыйрап, айрым жерде өрт токтобогондуктан газ жабдуулары жана электр жарыгы өчүрүлгөн.

Куткаруучулар кырсык болгон жерден жашоочуларды көчүрдү. Жабыркагандар мектептерге жана башка коомдук жайларга жайгаштырылды.