Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы жарандар үчүн 2019-жылдагы фитир-садаканы берүүнүн электрондук системасын РСК банкы менен бирге иштеп чыкты.
Маалыматка ылайык, эми жарандар фитир-садаканы, зекетти берүүдө Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын РСК банктагы эсебине РСК банкынын банкоматтары, терминалдары жана RSK 24 мобилдик банкинги аркылуу беришсе болот.