Жаңылыктар
Өлкө түштүгүндө жер силкинди
Өзгөчө кырдаал
Өлкө түштүгүндө жер силкинди

Бүгүн таңкы саат 7ден 14 мүнөт өткөндө өлкөнүн түштүк аймагында жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматында, зилзаланын очогу Өзбекстандын аймагында катталып, күчү 3,5 баллга жеткен. 

Жер титирөө Көк-Таш айылынан 20 чакырым түндүккө карай, Ала-Бука айылынан 55 чакырым түндүк-чыгышка карай, Терек-Сай айылынан 55 чакырым түндүк-чыгышка карай, Таш-Көмүр шаарынан 105 чакырым түштүк-батышка карай жайгашкан. 

Жер титирөөнүн күчү Көк-Таш айылында 2 жарым балл сезилген. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жабыркагандар жана кыйроолор болбогонун кабарлады.