Жаңылыктар
Элеттиктердин муктаждыктарын чечүүгө арналган долбоорлор ишке ашат
Саясат
Элеттиктердин муктаждыктарын чечүүгө арналган долбоорлор ишке ашат

Президент Сооронбай Жээнбеков Сауд Арабиянын Кыргызстандагы Элчиси Абдурахман бин Сайд бин Мухаммад Аль-Жуманы кабыл алды. Анда элет жерин таза суу менен камсыз кылуу, жаңы ооруканаларды, мектептерди жана бала бакчаларды куруу иштери боюнча долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча пикир алмашуу болду. 

Элчи Абдурахман бин Сайд бин Мухаммад Аль-Жума, ушул жылдын 31-майында Мекке шаарында өтө турган Ислам Кызматташтык Уюмунун 14-Саммитине, улуу даражалуу Сауд Арабия Королу Салман бин Абдель Азиз Аль Сауддун чакыруу катын тапшырды. 

Президент Сооронбай Жээнбеков чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, Ислам Кызматташтык Уюмунун 14-Саммитине катыша турган ниетин билдирди.