Жаңылыктар
Кадамжай районунун тургуну чагылган тийип каза болду
Кырсык
Кадамжай районунун тургуну чагылган тийип каза болду

Баткен облусунун Кадамжай районунда 39 жаштагы жергиликтүү тургунга чагылган тийип каза болду. Ага 19-майда Шыбыран жайлоосунда мал багып жүргөн учурунда чагылган тийген. Бул маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусундагы башкармалыгы да ырастады. 

Кыргызстанда чагылгандан адам өмүрү кыйылган учурлар буга чейин да кездешкен. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги көп учурда чагылган адам телефон менен сүйлөшүп жаткан учурда тийгенин маалымдашкан.