Жаңылыктар
Президент БАЭ энергетика министри менен жолукту
Кыргызстан жаңылыктары
Президент БАЭ энергетика министри менен жолукту

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Бириккен Араб эмираттарынын энергетика министри Сухейл Мухамед Фарадж Аль- Мазруи менен жолугушту. Аль-Мазруи Бишкекке иш-сапары менен кечээ келген. 

Өлкө башчы Араб Эмираттарынан келген конокторду жылуу тосуп алып, "сиздердин иш-сапарыңыздар эки тараптуу кызматташтыкты дагы да бекемдейт жана жаңы иштердин, мүмкүнчүлүктөрдүн башаты болоруна ишеним артам" деди.

Өз кезегинде Сухейл Мухамед Фарадж Аль Мазруи алардын иш-сапарынын негизги максаты Кыргызстан менен Бириккен Араб эмираттарынын ортосунда соода-экономикалык кызматташтыкты арттыруу экенин белгиледи. Ал өзү башында турган делегация Кыргызстанда айыл-чарба, мал чарбачылыгы жана инфраструктура маселелерине көп көңүл буруп жатышканын айтты. 

Араб эмирлигинин энергетика министри алар 29 кишиден турган чоң делегация менен келгенин, арасында ишкерлер да бар экенин белгиледи. "Биз атайын чоң компаниялардын өкүлдөрүн алып келүүгө аракет кылдык" деди Фарадж Аль- Мазруи.