Кытайга экспорттолгон кыргыз товарларынын көлөмүн жогорулатууга аракет көрүлөт. Тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда кызматташтыкка байланышкан бир катар маселелер талкууланды. Соода алакадан сырткары Кыргыз-Кытай темир жолун куруу, узак мөөнөттүү “Таза суу” программасын ишке ашыруу өңдүү маселелер каралды. Алар эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин кызматташуу программасында камтылды.
Тараптар Шанхай кызматташтык уюму менен Бириккен Улуттар Уюмунун алкагындагы алаканы жана Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзинпиндин Бишкекке жасала турган мамлекеттик визитине даярдыктарды да талкуулашты.
“Кытай соңку бир нече жылдан бери эң негизги соода өнөктөшүбүз. Ошондой эле өлкөгө түз инвестиция салууда да алдыңкы орунду ээлеп ээлейт. Мамлекет башчыларыбыз тарабынан “Бир алкак, бир жол” форумунда жетишилген макулдашуу да өзгөчө мааниге ээ. Кыргыз товарларын Кытайга экспорттоого эки өлкө тең аракеттенет”,- деди Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков.
“Биз кыргыз тараптын Кытайдын ички жана тышкы саясатын колдоого алганын жогору баалайбыз. Сөз бирдиктүү Кытай принциби жана Шинжаң Уйгур автономдуу районундагы радикалдашуулардын алдын алууга байланыштуу чараларыбыз тууралуу болуп жатат. Аталган аймак Кыргызстан менен чектешет. Андыктан коопсуздукту камсыз эки өлкөнүн жалпы кызыкчылыгы болуп саналат”,- деп билдирди Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И.