Жаңылыктар
Экс-вице-премьер-министр Шамил Атаханов кармалды
Саясат
Экс-вице-премьер-министр Шамил Атаханов кармалды

Азиз Батукаевдин иши боюнча экс-вице-премьер-министр Шамил Атаханов кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Өткөн аптада бул иштин алкагында Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мурдагы төрагасы Зарылбек Рысалиев сурак бергенин Ички иштер министрлиги кабарлады. 

2013-жылдын 9-апрели. Мына ушул күнү мыйзамдагы ууру Азиз Батукаев Нарындагы №24 абак тибиндеги убактылуу изолятордон бошонуп, эркиндикке чыккан. Видеодо көрүнүп тургандай Азиз Батукаев Нарындагы абактан бошоп чыккан соң, Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлеринин кайтаруусунда, ак түстөгү жол тандабас жана эки жеңил унаанын коштоосунда кетип жатканын көрүүгө болот.