Жаңылыктар
ШКУнун кезектеги саммитинин алкагында медиа форум өтөт
Саясат
ШКУнун кезектеги саммитинин алкагында медиа форум өтөт

Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги саммитинин алкагында өтө турган иш-чаралардын бири - медиа форум. Анда дүйнөнүн ондогон мамлекеттеринен келген маалымат каражаттарынын өкүлдөрү уюмдун аткарып жаткан иштери, кабыл алынган чечимдер жана жалпы эле ШКУнун ишмердиги боюнча дүйнө жүзүнө маалымат жеткирүүнүн ыкмалары жана маңызы талкууланат.

Шанхай кызматташтык уюмунун медиа форуму 24-майда Бишкек шаарында башталат. Ага дүйнө жүзүнөн 40тан ашык мамлекеттердин жалпыга маалымдоо каражаттары чакырылган. Мына ушунча сандагы кабарчылар үч күн бою борбор калаада жана Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында болушуп, ШКУнун алкагындагы кызматташтыкты канткенде максималдуу түрдө чагылдырабыз деген маселени талкуулашат.