Жалал-Абадда катуу жаракаттан улам ооруканага түшкөн 2 жашар кыз көз жумду. Ал 13 күн бою өзүнө келе албай, жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жаткан. Нарситенин денесине соттук медициналык экспертиза дайындалгандан кийин жакындарына өткөрүлүп берилди.
Бул факты боюнча милиция Кылымыш жана жаза кодексинин “денеге анча оор эмес залал келтирүү” беренеси менен иш козгоп, тергөө иштерин жүрүүдө.
2 жашар кыз эс-учу жок абалда 7-май күнү облустук ооруканага тез жардам уунасы менен алынып келинген. Ошол эле замат жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, тийиштүү жардам көрсөтүлүп, дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүнө алынган. Бирок, кыздын алган жаракаты оор болгондуктан, 13 күн бою жашоо менен күрөштү. Акыры наристе жандандыруу бөлүмүндө эсине келе албаган бойдон 20-май күнү көз жумган.