Жаңылыктар
Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусу нарындык ишкерлерди чогултту
Экономика
Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусу нарындык ишкерлерди чогултту

Орус-кыргыз өнүктүрүү фондусу нарындык ишкерлерди чогултту. Анда фонд бул жолу ишкерлерге жаңы жеңилдетилген программасы менен тааныштырды. Тактап айтканда, күрөө коюу жана кепил болуучу адамды табуу эрежеси жеңилдетилген. 

Ал эми буга чейин облустан бир да ишкер фонддон насыя алган эмес. Муну адистер алуучунун шарты талапка жооп бербегени менен түшүндүрүшөт. Быйыл фонд дубанга 350 миң доллар бөлүп бергенин билдирди. Эми комиссия түзүлүп, бизнес ачууга бел байлап жаткан жарандарды тандап бере башташат.

“Быйыл сөзсүз ишкерлерге беришибиз керек. Бул пилоттук болуп, Нарын, Ысык-Көл, Талас облустарына кирди”,- деп билдирди Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиев.