Жаңылыктар
"Кыргыздар" тарыхый китебинин 20 томдугу жарыкка чыкты
Билим
"Кыргыздар" тарыхый китебинин 20 томдугу жарыкка чыкты

"Кыргыздар" аттуу тарыхый 20 томдук китеп жарык көрдү. Бул туурасында китептин түзүүчүлөрү кабарлады. Аталган 20 томдукта байыркы замандан бүгүнкү күнгө чейинки кыргыз элинин тарыхы, салт-санаасы, санжыра, рухий маданияты жана башка көптөгөн тарыхый маалыматтар камтылган. 

Эске салсак, "Кыргыздар" 2010-жылы 10 томдук болуп жарыяланган. Бул жолу кайра толукталып, 20 томго бириктирилип, кайрадан басылды. Китепти Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов жана саясат таануу илимдеринин доктору, Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев түзүп чыккан.

"20 томдук бул биздин тарыхыбыздагы эң чоң долбоор. Биздин басманын тарыхында биринчи жолу чыгып жатат. 300гө жакын автордун эмгектери кирген. Байыркы санжыралар, байыркы тарых, СССР доорундагы тарых, бүгүнкү тарых жана ар бир кыргыздын салт-санаасына, тилине кызыккан адам үчүн кызыктуу болот болуш керек. Дээрлик 2 миллионго жакын сөз пайдаланылды. Азырынча 1000 нуска менен, жалпы 20 миң китеп басылды",- деп билдирди саясат таануу илимдеринин доктору, Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев.