Жаңылыктар
Кыргызстан "Азия чакырыгы кубогунун" жеңүүчүсү
Спорт
Кыргызстан "Азия чакырыгы кубогунун" жеңүүчүсү

Кыргызстандын хоккей боюнча улуттук курама командасы "Азия чакырыгы" кубогуна арналган мелдеште жеңишке жетти. Кечээ оюндун акыркы турунда Кыргызстан Макаону 8:1 эсебинде утуп алды. 

Бул оюндан кийин Кыргызстан оюнчулары 12 упай менен мелдештик жадыбалдын көч башына чыкты. Улуттук курама Макао менен болгон оюнга чейин Индияны 11:1, Катарды 9:0 жана Малайзияны 9:5 эсебинде жеңип алган. Мелдештин күмүш байгеси 9 упайы бар Малайзия курамасына ыйгарылды. Коло байге беш упай топтогон Макаого буюрду. 

Төртүнчү орунда Катар, бешинчи орунда Индия курамалары жайгашты. Кыргызстандын командасы бул кубокту жеңүү менен Азия чөлкөмүндөгү курамалар арасында топ дивизиондо ойноого жолдомо алды. "Азия чакырыгы" кубогунун оюндары Бишкекте экинчи жолу өттү.

2014-жылы Бишкекте болгон мелдештин финалында Макао Кыргызстан курамасына 5:4 эсебинде жеңилип калган. Былтыр Кувейтте болгон мелдеште кыргыз хоккейчилери коло медалды тагынышкан. Мелдеш 9-14-апрелде Бишкектеги шаардык музмайданда өтүп, ага беш мамлекеттин курамалары катышты.