Жаңылыктар
Кыргыз-өзбек чек арасында оор жүк ташуучу унаалар өтө албай турат
Чек ара
Кыргыз-өзбек чек арасында оор жүк ташуучу унаалар өтө албай турат

Ошто он күндөн бери 100дөн ашуун оор жүк ташуучу машина кыргыз-өзбек чек арасындагы «Достук» бекетинен өтө албай турат. Мамлекеттик чек ара кызматы машинелер чек арадан өтө албай, «Достукка» 200 метр жетпей турушканын кабарлады. Мекеменин басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева Кыргызстан тарап жүктү тоскоолдуксуз өткөрүп жатканын айтты. 

Айрым маалыматтар боюнча Өзбекстан цементти ташууга чектөө киргизгени сөз болууда. Мамлекеттик бажы кызматы Кыргызстандан экспортко кеткен товарларга чектөө жок экенин жана Өзбекстандын андай чектөө коюп жатканы тууралуу маалымат жок экенин билдирди. 

Чек арада өтө албай турган айдоочулардын айтымында, Өзбекстан 12-майдан бери оор жүк ташуучу машинелерди өткөрбөй жатат. Учурда «Достукта» 103 айдоочу 2610 тоннадан ашык цементи менен турат.