Жаңылыктар
Оштогу балдардын жугуштуу ооруларын дарылоо ооруканасындагы антисанитардык абал
Ден соолук
Оштогу балдардын жугуштуу ооруларын дарылоо ооруканасындагы антисанитардык абал

"Элдик репортёр" рубрикасына кызыктуу видео-материалдары менен бөлүшкөндөрдүн саны күн санап өсүүдө. Тургундар, жер-жерлердеги көйгөй менен күрөшүүдө активдүүлүгүн көрсөтүп жатышат. Бул жолу, Оштогу ооруканалардын абалы туурасында видеотасма келип түшкөн. Кышкысын суук, ысык суусу жок, жата турган керебеттердин эскилиги жеткен, ар кандай курт-кумурскалар чыгып жийиркеничтүү абалда. Депутаттар эгер балдарыңыздар ооруп калса, ушундай ооруканага жаткырат беленер? Бизге окшогон карапайым элге эле кыйын.

Мындай мазмундагы тасма менен Ош шаарынын тургуну КТРКнын "Элдик репортер" рубрикасына кайрылган. Автор, Оштогу балдардын жугуштуу ооруларды дарылоо бөлүмүнүн учурдагы абалын көрсөткөн. Сыртта 21-кылым экенине карабай, чындыгында бейтапкана замандын агымынан бир топ эле артта калгандай. Ысык суу мындай турсун, айрым бөлмөлөрдө муздак суунун өзү жок. 30-40-кишиге бир тазалык бөлмөсү. Мындан улам, бейтапканын атына заты каршы келээрине шек жаралбай койбойт.

Алсак, бул бөлүмдө бир жашка чейинки дем алуу органдары же, тамак оорусу өтүшүп кеткен ымыркайлар жаткырылат. Көрүнүп тургандай тар коридор. Мындан улам, оору бири-бирине жукпайт деп айтуу кыйын. Бул тапта, балдарынын ден соолугу менен күрөшүп жаткан энелер, мындай шартка ыраазычылыгын билдиргенден башка аргасы жок.

Бейтапканадагы шарттын жоктугун жетекчилик анын эскилиги менен байланыштырат. Оорукананы азыркы тапта, ремонтунан да олуттуу көйгөй зыяндуу курт-кумурскалар менен күрөшүү түйшүккө салып жатыптыр. Бул үчүн мекемеден жылына 150 миң сом сарпталат. Ага карабай, маселе жыл сайын күчүндө. Көрсө, бир жолу дары жеген таракан ал дарыга көнүшүп калат экен.

Имарат 1958-жылы курулган. 2012-жылдан бери типтүү жаңы оорукана куруу демилгеси көтөрүлүп келет. Сонку 20 жылдан бери толук капиталдык оңдоодон өтө элек. Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарын тейлеген бул жай- жылына 30 миңдей бейтапты кабыл алат.

Бири минтип, жаңы имаратка жетпей зарыгып турган чакта, бардын баркына жетпей, кор тутуп жаткандары да жок эмес. Мамлекет быйыл Ош шаардык клиникалык ооруканасын жаңы имараттуу кылган. 150 койкалуу 3 кабаттан турган бейтапканада заманбап шарттары менен жаңы жабдуулардын бары бар. Пайдаланууга берилгенине бир ай боло электе, биздин чыгармачыл топ, андагы жагымсыз жагдайга күбө болду.
Жагдай менен оорукананын жетекчилиги да кабардар. Ал бул үчүн техникалык кызматкерлердин жетишсиздигин билдирип, маселе май айынын соңунда чечилерин убадалады.