Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйыны өтүүдө. Ага катышкан уюмга мүчө өлкөлөрдүн башкы дипломаттары кызматташуунун ар кайсы багыттарын жана мамлекет башчыларынын июнь айында боло турган саммитке даярдыкты талкуулап жатышат.
Отурумдун соңунда тиешелүү докуменке кол коюлат. Жыйынга ШКУга мүчө бардык 8 өлкөнүн Тышкы иштер министрлери жана уюмдун баш катчысы катышууда.