Жаңылыктар
Бишкек ЖЭБи боюнча жабырлануучу тарап сурак берүүдө
Коррупция
Бишкек ЖЭБи боюнча жабырлануучу тарап сурак берүүдө

Свердлов райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупция боюнча соттук териштирүү уланууда. Кезектеги отурумда жабырлануучу тарап сурак берип жатат. Өткөн жумадагы соттук териштирүүдө жабырлануучу тараптын - “Электр станциялары” ишканасынын өкүлүнүн күбөсү Руслан Байдинов көрсөтмө берген. 

ЖЭБди оңдоп-түзөө иши боюнча мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы министр Осмонбек Артыкбаев, Айбек Калиев, каржы министри Ольга Лаврова, Салайдин Авазов, Бишкек ЖЭБинин мурдагы жетекчилери Жолдошбек Назаров жана Темирлан Бримкуловго айып коюлган. 

Кыргызстан үчүн ЖЭБди модернизациялоо 386 миллион долларга айланган. Бирок, тергөө кызматы долбоорду ишке ашыруунун анык наркы 275 миллион доллардан ашпай турганын аныктап, мамлекетке 111 миллион доллар зыян келтирилди деген корутунду чыгарган. Бул иштин чоо-жайы сотто териштирилүүдө. 

Эскерте кетсек, Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция боюнча кылмыш ишин кароо Бишкектин Свердлов райондук сотунда 18-февралда башталган.