Жаңылыктар
Кыргыз радиосунда бир күн кечке аккордеон кайрыктары уктурулат
Маданият
Кыргыз радиосунда бир күн кечке аккордеон  кайрыктары уктурулат

Кыргыз радиосунун толкунунда эртең, 23-май күнү саат 09:00 - 19:00го чейин, 60-жылдарда  бир топ чыгармачыл адамдардын даңазасын арттырган  музыкалык аспап аккордеондун үнү жаңырат. 

Кыргыз музыкасынын тарыхында чоң орунду ээлеп,  музыкалык казынабыздын байышына таасир эткен эң популярдуу аспаптардын бири  -аккордеон. Аккордеондун ар багыттуу музыкалык жанрларга тийгизген таасири жөнүндө кеп козголуп,   кыргызга  аккордоенду алып келген залкарлардын эмгеги айтылат. 

Ыр коштоодогу, аспаптык чыгармаларды жаратуудагы жел кыяктын мүмкүнчүлүктөрүнө саресеп салып, аккордеонду чебер ойногон профессионал таланттар келип,  өнөрүн элге тартуулашат. Мындан тышкары Кыргыз радиосунун “Алтын казынасына” жазылып алынган аккордеон  кайрыктарынан угасыздар.