Жаңылыктар
Президент ШКУнун Бишкек Саммитине даярдыктар менен таанышты
Саясат
Президент ШКУнун Бишкек Саммитине даярдыктар менен таанышты

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга Шанхай Кызматташтык Уюмунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келген ведомство жетекчилери менен жолугушту. Күн тартибинде документтердин чоң топтому бар. Эң маанилүү бөлүмдөрдүн бири - ШКУнун Бишкек Саммитине даярдык. Мамлекет башчысы ШКУ бүгүнкү күндө ар кайсы тармактарда тыгыз кызматташуу механизмдерин иштеп чыгуу боюнча, уникалдуу эл аралык бирикме катары калыптанганын белгиледи. Өз ара мамилелерде “Шанхай духу” бекем калыптанды, - деди. 

Президент - уюмга төрагалык кылууда Кыргызстан шериктештиктин практикалык жагын өнүктүрүүгө күч жумшады. Бул - саясат, экономика, коопсуздук тармактары, маданий жана гуманитардык байланыштар жана ошондой эле парламенттер аралык кызматташтыкты алдыга жылдыруу, - деп белгиледи. 

Жолугушууда ошондой эле Кытай, Россия, Индия, Казакстан, Пакистан, Тажикстан, Өзбекстан мамлекеттеринин тышкы саясат министрлери сөз сүйлөштү. Алар Кыргызстан ШКУдагы төрагалыгы астында чоң иштерди жасаганын белгилеп, алдыдагы Бишкек Саммити өз ара мамилелерди бекемдеп, бардык тармакта көп тараптуу кызматташууга жаңы дем берерине ишеним билдиришти. 

Жолугушуунун соңунда Президент Сооронбай Жээнбеков кыргыз тараптын ШКУда төрагалык кылуусуна ар тараптуу колдоо көрсөтүлгөнү үчүн ыраазычылык билдирип, мамлекеттер башчыларына жылуу каалоо-тилектерин айтып, мындан аркы ийгиликтерди каалады.