Жаңылыктар
Сооронбай Жээнбеков: "Кыргыз-орус кызматташтыгы сапаттуу жаңы деңгээлге чыкты"
Саясат
Сооронбай Жээнбеков: "Кыргыз-орус кызматташтыгы сапаттуу жаңы деңгээлге чыкты"

Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавровду кабыл алды. Анда Кыргыз-Орус кызматташтыгынын учурдагы абалы жана артыкчылыктуу багыттары талкууланды. Президент март айында Россия Президенти Владимир Путин мамлекеттик визити менен келип кеткенден кийин кыргыз-орус кызматташтыгы сапаттуу жаңы деңгээлге чыкканын, активдүү динамикага ээ болгонун канааттануу менен белгиледи. 

Региондор аралык конференциянын алкагында 6 миллиард доллардан ашуун суммага 53төн ашык келишимге кол коюлду. Ректорлор форумунун алкагында жогорку окуу жайлардын ортосундагы мындан аркы кызматташуунун келечеги белгиленди. Кыргызстанда МГУнун филиалын ачуу боюнча макулдашууга жетишилди. Региондор аралык байланыштарды, ошондой эле жаштар саясатын бекемдөө боюнча пландар белгиленди. 

Мындан тышкары, 2020-жыл - Кыргызстан менен Россиянын Кайчылаш жылы деп жарыялоо жөнүндө макулдашууга жетишилген. Жакынкы күндөрү иш-чараларды өткөрүү боюнча биргелешкен уюштуруу комитети түзүлөт. Сергей Лавров дагы Владимир Путиндин жакында Кыргызстанга болгон визити мазмундуу жана жемиштүү болгонун белгиледи. 

«Визиттин алкагында тармактар аралык көптөгөн маанилүү жана мазмундуу документтерге кол коюлду. Бардык тармактык документтер боюнча биздин мекемелер кандай иш алып барып жатканына байкоо салып турабыз. Россия тарап Кыргызстанды бардык башталыштарында жана эл аралык долбоорлордун алкагында колдоого даяр" - деп билдирди. 

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан Россиянын ишенимдүү досу, стратегиялык өнөктөшү жана союздашы экенин дагы бир жолу баса белгилеп, Президент Владимир Путинге саламын айттырды.