Жаңылыктар
Кыргыз-Индия өнүгүү фондун түзүү боюнча пикир алмашуу болду
Саясат
Кыргыз-Индия өнүгүү фондун түзүү боюнча пикир алмашуу болду

Президент Сооронбай Жээнбеков Индиянын тышкы иштер министри Сушма Свараджды кабыл алды. Анда эки тараптуу кызматташуунун келечеги талкууланып, мамлекеттер аралык соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык алакаларды өнүктүрүү маселелери, Кыргыз-Индия өнүгүү фондун түзүү мүмкүнчүлүгү тууралуу пикир алмашуу болду. 

Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын апрель айындагы парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, Индиянын Премьер-министри Нарендра Модинин расмий визит менен Кыргызстанга келиши күтүлүп жатканын белгиледи. Ал эки өлкөнүн кызматташтыгын мындан ары тереңдетүүгө жана аны жаңы, сапаттуу деңгээлге чыгарууга даяр экенин билдирди. Ал эми Сушма Сварадж бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө салым кошконго даяр экендигин белгиледи.