Жаңылыктар
Чаткал районунда элди таза суу менен камсыздоо иштери жүрүүдө
Аймак
Чаткал районунда элди таза суу менен камсыздоо иштери жүрүүдө

Алыскы Чаткал районундагы Айгыр-Жал айылынын 100гө чукул кожолугу таза суу менен камсыз болуу алдында турат. Элдин жана жергиликтүү бийликтин күчү менен тартылып жаткан таза суу аягына чыгайын деп калды. Буга чейин Айгыр-Жал айылынын жашоочулары арыктагы аккан суудан жана алыскы булак суусунан ташып ичип келишкен. Эми айыл эли таза суунун келиши менен шартыбыз эле эмес, саламаттыгыбыз да жакшырат деп турушат. Быйыл Чаткал районунда Айгыр-Жалдан башка дагы бир катар айылга таза суу чыгат.

Айгыр-Жал айылынын эли мына ушундай арыктан жана айылдын төмөн жагынан өткөн дарыядан суу ичет. Бирок, эл балдардын коопсуздугунан коркуп турат. Көпчүлүк учурда суу ташуу милдети балдарга жүктөлгөн. Шар аккан дарыянын жээгинен суу алуу кооптуу экени анык.
Эми бул жагдай жөнгө салынаар убакыт да келди. Айгыржалдыктар быйыл ичүүчү суу менен камсыз болгону турат. Ал үчүн Каныш-Кыя айыл өкмөтү 514 миң сомго керектүү материалдарды жана суу түтүгүн алып берген. Казып, көмүү иштерин айыл эли колго алып, ашар жолу менен өздөрү жасашкан. Жалпы болуп 4 чакырымдан ашуун аралыкка суу түтүгү көмүлгөн. Булактан тартылып келген суудан азырынча 4-5 үйгө бирден чорго коюлат. Эгер суунун агымы көп болуп калса үймө-үй чыгарылат.

Чаткалда элди таза суу менен камсыз кылуу иши акырындык менен жүрүп жатат. Буга чейин райондогу Чакмак-Суу, Башкы-Терек, Коргон-Сай жана Каныш-Кыя айылдары таза суу менен камсыз болгон. Мунун менен бүгүнкү күндө район эли 50 пайыз гана таза суу менен камсыздалды. Сууга муктаж айылдар дагы көп.

Жалал-Абад облусунда калкты таза суу менен камсыздоодо республикалык жана жергиликтүү бюджет, андан сырткары атайын фонддордон сырткары чет өлкөлүк уюмдар менен иш алып барылууда. Өткөн жылы облус боюнча 30дан ашуун айылдын таза суусу жолго коюлган. Быйыл да 48 айылга таза суу чыгаруу планы бекитилип, анын тең жарымы республикалык бюджеттен, калганын чет өлкөлүк уюмдардын колдоосу менен ишке ашыруу жагы бекитилген. Жалал-Абад облусу боюнча 442 айыл болсо, 2018-жылы атайын жүргүзүлгөн изилдөө иштеринин жыйынтыгы менен 179 айыл таза сууга муктаж экени аныкталган.