Жаңылыктар
Бишкекте ШКУ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жыйыны болуп өттү
Саясат
Бишкекте ШКУ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жыйыны болуп өттү

Шанхай Кызматташтык Уюмунун Тышкы иштер министрлеринин жыйынында уюмга байкоочу макамына ээ өлкөлөр менен алаканы бекемдөө боюнча жол картасы кабыл алынды. 

Ошондой эле тараптар Ооганстандагы абалды жөнгө салууга байланыштуу ШКУ тараптан жасала турган кадамдар боюнча даярдалган долбоорду мамлекет башчыларынын саммитинде күн тартибине киргизүүнү макулдашты. Бишкекте өткөн жыйында Кыргызстандын төрагалыгы менен өткөрүлүп келген иш-чараларга жогору баа берилди.