Жаңылыктар
Президент ШКУнун тышкы иштер министрлери менен жолугушту
Саясат
Президент ШКУнун тышкы иштер министрлери менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков, Кыргызстанга Шанхай Кызматташтык Уюмунун Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келген ведомство жетекчилери менен жолугушту. Анда уюмдун алкагындагы кызматташууну бекемдөө, бардык тармактарга жаңы дем берүү жана Бишкекте өтө турчу саммитке даярдыктар жөнүндө айтылды.

Президент менен жолугушууга Кытайдын, Россиянын, Индия, Казакстан, Пакистан, Тажикстан жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлери келди. Өлкө башчысы Кыргызстан саясий тармакта кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө, коопсуздукту жогорулатууга, ШКУнун соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык жактарын активдештирүүгө даяр экендигин белгиледи.

  Шанхай Кызматташтык Уюмунун былтыр Циндаодо өткөн саммитинде айтылган пландар четинен ишке ашууда. Дүйнөлүк саясат жана экономикадагы жүрүп жаткан процесстердин алкагында уюмдун мындан аркы өнүгүүсүнүн милдеттерине жетүү боюнча жумушьар жүргүзүлүп жатат.
 Мамлекет башчысы ШКУ бүгүнкү күндө ар кайсы тармактарда өз ара аракеттенүү жана кызматташуу механизмдерин иштеп чыгуу боюнча уникалдуу эл аралык бирикме катары калыптанганын белгиледи. Өз ара мамилелерде «Шанхай деми" бекем калыптанды.
Мамлекет башчысы менен жолуккан ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери Кыргызстан уюмдагы төрагалыгы алдында чоң иштерди жасаганын белгилешип, алдыдагы ШКУга мүчө мамлекеттеринин башчыларынын Бишкектеги Саммити өлкөлөрдүн өз ара мамилелерин бекемдеп, бардык тармактарда көп тараптуу кызматташууга жаңы дем берерине ишеним билдиришти.
 Жолугушууда ШКУнун алкагында парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, бул маанилүү тармакта байланыштарды түзүү жана бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурулду.
 Мамлекет башчысы өлкөдө акыркы айларда болуп өткөн иш-чараларды санап өттү. Бул ШКУга мүчө мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын, коргоо министрлеринин, баңги заттарга каршы ведомстволорунун башчыларынын жолугушуулары. Экономикалык жагын бекемдөө үчүн ШКУ алкагында Бишкекте Бизнес-форум өттү. Элдердин достугун жана маданий интеграциясын өнүктүрүү максатында Ысык-Көлдүн жээгинде ШКУ-Жибек жолу эл аралык марафон өткөрүлдү. 24-майдан тарта ШКУга мүчө өлкөлөрдүн медиа форуму башталаары күтүлүүдө.