Жаңылыктар
"Батукаевдин иши" боюнча камалгандардын саны 9 жетти
Коррупция
"Батукаевдин иши" боюнча камалгандардын саны 9 жетти

Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча кармалган адамдардын саны тогузга жетти. Ички иштер министрлиги козголгон кылмыш ишинин алкагында күн мурун мурдагы вице-премьер-министр Шамиль Атаханов суракка чакырылып, андан соң камакка алынганын маалымдады.  

Кылмыш чөйрөсүнүн таасирдүү өкүлү болгон Азиз Батукаевге бир ай мурун паспорт даярдалып, бир күндө соттун чечими чыгып, Нарындагы абактан түз аэропортко барып мекенине учуп кеткени Кыргызстанда чоң чуу жараткан. Кримтөбөлдү абактан аэропортко чейин Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери кайтарып, коштоп барганы да ого бетер нааразычылыктарды күчөткөн.

Дагы бир белгилей кетүүчү жагдай- Батукаевдин боштондукка чыгары алдында Нарындагы №24-абактын башчысы өз арызы менен кызматтан кеткен. Кийин ал мыйзамдагы ууруну бошотуу боюнча жетекчилигинин көрсөтмөсүн аткарбай койгону белгилүү болгон. Ал эми Батукаевди бошотуу боюнча чечим чыгарган судья көп өтпөй кызматынан жогорулап, райондор аралык сотко судья болуп дайындалган. 2013-жылдын 23-апрелинде болсо депутаттык комиссия түзгөн медициналык эксперттик топ, Батукаевге мурда чыгарылган “айыккыс дартка чалдыккан” деген диагнозду жокко чыгарган.

 Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулганы боюнча буга чейин алты дарыгер кармалган. Алардын төртөө Бишкек шаарындагы №1 убактылуу кармоочу жайына камалган, эки дарыгер үй камагында. 15-майда мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева, ага чейин Жаза аткаруу кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев кармалган. Алар дагы №1 тергөө ИЗОляторунда кармалууда. Өткөн аптада кылмыш ишинин алкагында Жаза аткаруу кызматынын мурдагы жетекчиси, депутат Зарылбек Рысалиев сурак берген. Күн мурун коопсуздук боюнча мурдагы вице-премьер-министр Шамиль Атаханов камакка алынды.
Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, кылмыш иши боюнча тиешелүү тергөө иш-аракеттери жана ыкчам иш-чаралар уланууда.