Жаңылыктар
Казакстан Кыргызстандан ташылуучу жашылча-жемишке чектөөнү алды
Айыл чарба
Казакстан Кыргызстандан ташылуучу жашылча-жемишке чектөөнү алды

Казакстан Кыргызстандан ташылуучу картөшкөгө, курмага жана алмага салынган убактылуу фитосанитардык чектөөнү алды. Бул туурасында Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, чектөөнү алуу жөнүндө чечим 13-14-майда эки тараптын Нур-Султан шаарында өткөн сүйлөшүүсүнөн кийин кабыл алынган. Мындан сырткары, чектөө эки өлкөнүн вице-премьер-министрлери карантиндик көзөмөл боюнча жол картасына байланыштуу кол койгон протоколун ишке ашыруунун алкагында алынды.

Казакстан 19-февралда Кыргызстандан жана Өзбекстандан азык-түлүк алып кирүүгө убактылуу тыюу салган. Фитосанитардык чектөө картөшкөдөн сырткары алмага, курмага жана Өзбекстандын анарына коюлган. Казак тарап мындай чечимди эки өлкөдөн келип жаткан азыктардан карантинге алынган курттар комсток жана нематода чыгып жатканы менен негиздеген. Дыйкандар 200 миң тоннадай картөшкө сатылбай, чирип жатканын айтып арызданышкан.