Жаңылыктар
Жогорку Сот: Сагинбаева үй камагына чыкты
Кылмыш
Жогорку Сот: Сагинбаева үй камагына чыкты

Азиз Батукаевди абактан бошотууга байланыштуу камакка алынган мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагинбаева үй камагына чыгарылды. Анын бөгөт чарасын 22-май күнү, кечинде Биринчи май райондук соту караган. Бул тууралуу "Ала-Тоо 24" каналына Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди. 

Оор кылмыш үчүн соттолгон Азиз Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен 2013-жылы апрелде “айыккыс ооруга чалдыкты” деген негизде бошотулган жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. 

Окуя парламентте кызуу талкууланып, депутаттык комиссия түзүлгөн. Быйыл 17-апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламентте, Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиевдин суроосуна жооп берип жатып Батукаевдин иши боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатканын билдирген. 

Ишти тергөөнүн алкагында 15-майда мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, Жаза аткаруу кызматынын жетекчисинин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев, андан мурдараак беш дарыгер кармалган. Эки дарыгер кайрадан үй камагына чыгарылган. 21-майда мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов кармалган.