Жаңылыктар
Айылдыктарды спортко үндөгөн жеке ишкердин демилгеси
Спорт
Айылдыктарды спортко үндөгөн жеке ишкердин демилгеси

"Дени сак улут - күчтүү мамлекет" демекчи айыл аймактардын спорт тармагы күн санап өсүүдө. Мына ушул ишти колго алган Кочкордун Ак-Жар айылынан чыккан жеке ишкер өз чөнтөгүнөн 27 миллион сом чыгарып, элет элине арнап, жаркыраган жагымдуу спорт комлекс куруп берди. Азыр комплекс ийгиликтүү иш алып барып, айылдын атагын алыска таанытууда.

Бул Кочкордун Ак-Жар айылындагы спорт комплекс. Ачылганына бир жылдын жүзү болду. Муну айылдан чыккан жеке ишкер, айылдагы туугандары менен чогуу курган. Жалпы 33 миллион сом сарпталган. Анын беш миллион сомун жергиликтүү бийлик бөлгөн.

Элеттеги жаркыраган жагымдуу имараттын ичинде бардык шарты каралган. Жууна турган жайынан тарта, машыгуу залдарына чейин заманбап үлгүдө жасалды. Учурда жүзгө чукул айылдык балдар спорттун күрөш жана бокс түрлөрү боюнча машыгуудан өтүшүүдө. Комплекс курулганы элеттеги спорт тармагы өнүгүү жолун таап, ийгиликти имерген жаштар көбөйдү.

Ал эми мына бул жаш спортчулар, бул жай ачылган күндөн тарта ушул жерде машыгышууда. Бир жыл аралыгында облустук мелдештерге барып, жеңиш менен кайтып, чоң спортко алгачкы кадамдарын ишенимдүү таштай башташты. Бул ишенимдин чыңалышына дал ушул жайда түзүлгөн шарттар түрткү болууда.

Айыл жеринде бул спорт комплекстин ачылып калышына балдар менен катар машыктыруучулар да ыраазы. Анткени бул кадам бир гана спорт тармагынын өнүгүшүнө болгон салым эмес, жаш муундун элине кайдыгер карабай, ар дайым кол сунуп жардам берүүгө үйрөтүүчү чоң үлгү экени да талашсыз.

Спорткомплекс айыл өкмөттүн балансына өткөрүлүп берилген. Аны менен катар беш жумуш орду түзүлгөн. Спорт менен дос болуп жүрөм деген окуучуларга машыгуу акысыз.