Жаңылыктар
Гемофилия менен ооруган жарандар нааразычылык акциясына чыгышты
Ден соолук
Гемофилия менен ооруган жарандар нааразычылык акциясына чыгышты

Гемофилия менен ооруган жарандар Саламаттык сактоо министрлигинин алдына керектүү дарылар менен камсыздап берүү талабы менен чыкты. Дарылар өтө эле кымбат жана жетишсиз болгондуктан, алардын көпчүлүгү жеткиликтүү деңгээлде дарылана албайт. Буга байланыштуу, оору өтүшүп кетүүдө дейт алар.

Мунун айынан пикирин билдирүү үчүн нааразылык акциясына жүзгө жакын гана адам чыкты. Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсүндө - гемофилия менен ооруган жарандарды дарылоо каражатын Каржы министрлиги бөлөт. 

Бирок тиешелүү делген сумма бөлүнбөгөндүктөн дарыларды толук сатып алууга болбой жатат. Быйыл 22 миллион сом бөлүндү. Бул сумма 16 жашка чейинки гемофилия менен ооруган балдардын дарылануусуна гана берилет. 

Ал эми, бойго жеткендер мамлекеттик кепилдик программасына кирбейт. Учурда гемолофилия менен ооруган жарандардын саны 350нүн тегерегинде, анын 125и балдар. Бул илдет менен ооругандардын баарын акысыз дарылоо үчүн 300 миллион сом керектелет.