Жаңылыктар
Шыгаев 19-кылымга таандык картиналарды эмне максатта алып чыккан?
Маданият
Шыгаев 19-кылымга таандык  картиналарды эмне максатта алып чыккан?

Гапар Айтиев атындагы  Кыргыз улуттук   көркөм  сүрөт  искусство  музейинде  19-кылымга таандык  картиналарды  сканерлөөнүн  мыйзамдуулугу, анын түп  нускасы  экендигин далилдөө  боюнча   түзүлгөн  комиссиянын бүтүмү чыкты.   Окуяга  шектелип  жаткан  аталган музейдин  директору  Юристанбек  Шыгаев   кетирген  каталарын  мойнуна алып, картиналарды  калыбына келтирмек  болду.  Мындан сырткары,  Шыгаевдин   ээлеген кызмат ордунун  мыйзамдуулугу  учурда каралып жатканын  маданият, маалымат жана туризм  министрлигинен кабарланды. Ошону менен бирге  буга  чейин  Башкы  прокуратурадан билдирилген  маалыматтарда,  Бишкек  шаарындагы  музейлердин биринде   уурдалган картиналардын  ишин  кыскартуу  үчүн  пара  алуу  фактысы  дал ушул  Юристанбек  Шыгаевдин  иш бөлмөсүндө  катталгандыгы дагы  белгилүү болду. 

  Гулжан Каражанова "Биринчи радио"