Жаңылыктар
Алдыдагы 5 жылда айылдарды таза суу менен камсыздоо иштери ыкчамдайт
Экономика
Алдыдагы 5 жылда айылдарды таза суу менен камсыздоо иштери ыкчамдайт

Алдыдагы беш жылда өлкөнүн 24 шаарында жана 248 айылында таза суу курулмалары реабилитациядан өткөрүлөт. Таза суу курулмалары жок 369 айылда аларды жаӊыдан куруу пландаштырылды. Бул туурасында Президент Сооронбай Жээнбеков “Аймактар үчүн таза суу” форумунда билдирди. Мамлекет башчынын айтуусунда, былтыр 653 муктаж болгон айылдан 25 айыл республикалык бюджеттин эсебинен жана 17 айыл эл аралык финансы институттар аркылуу таза суу менен камсыз болду. "Өлкөнүн калктуу конуштарын таза суу менен камсыздоо – мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири", - деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

"Акыркы эки жылда бул маселени чечүү үчүн бир топ чечкиндүү иш аракеттер жүргүзүлдү. Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы кабыл алынып, анда калкыбызды таза суу менен камсыздоо - приоритетүү багыт катары аныкталды. Ага ылайык, Өкмөткө 2023-жылдын аягына чейин калктуу конуштарды 100 пайыз таза суу менен камсыздоо милдети коюлду. Бүгүн Таза суу долбоорунун алкагында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын, Евро Биримдиктин жана Швейцария Конфедерациясынын колдоосу менен жыйырма шаарыбызда 11 млрд 200 миллион сом өлчөмүндөгү ири долбоорлор ишке ашырылып жатат. Бул акча каражаттарынын 65 пайыздан көбүрөөгү гранттык, ал эми калган 35 пайызга жакыны - кредиттик түрдө, 15 жылга, төмөн пайыз менен берилип жатат",- деди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков.