Жаңылыктар
Сооронбай Жээнбеков: "Таза суу маселесин чечпей, туризмди, экономиканы өнүктүрүү кыйын"
Экономика
Сооронбай Жээнбеков: "Таза суу маселесин чечпей, туризмди, экономиканы өнүктүрүү кыйын"

Таза суу маселесин чечпей туруп, туризмди, жалпы эле экономикабызды өнүктүрүү кыйынга турат. Мындай пикирин Президент Сооронбай Жээнбеков “Аймактар үчүн таза суу” форумунда сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Мамлекет башчы белгилегендей, ичүүчү суу аркылуу жуга турган ооруларга каршы күрөш - өлкөнү жыл сайын 4,8 млрд сомдон ашык чыгымга алып келет. Мындай көрүнүштөрдүн алдын алуу үчүн биринчи кезекте, калктуу конуштарда таза суу маселесин чечүү керек. Президент белгилегендей, өлкөдө таза суу көйгөйүн чечүүгө эл аралык уюмдар, каржы мекемелери чоң колдоо көрсөтүүдө. Ошондой эле, республикалык бюджеттин эсебинен да акча каражаттары каралууда.

"Эгерде 2014 - жылы таза суу меслесин чечүүгө республикалык бюджеттен 25 млн сом акча каражаты ажыратылган болсо,
2018 - жылы таза суу секторуна 250 млн сом акча каражаты бөлүнүп берилген. Эми бул сумманы дагы көбөйтүп, 500 млн. сомго жеткирүү каралып жатат. Урматтуу жыйындын катышуучулары,Бүгүнкү Форумга баардык областын жетекчилерин, шаарлардын мэрлерин жана Суу чарба муниципалдык ишканалардын жетекчилерин атайын чакырдык. Мен жогоруда айткандай, Улуттук стратегияда таза суу маселеси приоритетүү тармактардын бири болуп аныкталды. Ошондуктан ар бир айылды суу менен камсыздоо менин жеке көзөмөлүмдө болот"
,- деди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков.