Жаңылыктар
Бишкекте «Аймактар үчүн Таза суу» форуму өтүп жатат
Экономика
Бишкекте «Аймактар үчүн Таза суу» форуму өтүп жатат

Калкты таза суу менен камсыздоо – мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири.  Бул тууралуу  Президент  Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-майда, “Аймактар үчүн Таза Суу” Форумунда  билдирди.  

Мамлекет  башчынын белгилешинче, Өкмөткө 2023-жылдын аягына чейин калктуу конуштарды 100 пайыз таза суу менен камсыздоо милдети коюлду.  Таза суу маселесин чечпей туруп, туризмди, жалпы эле экономиканы өнүктүрүүгө кыйын болот. 

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкекте «Аймактар үчүн Таза суу» форуму өтүп жатат. Иш-чарага  президент Сооронбай Жээнбеков, Европа реконструкция жана өнүгүү банкынын Президенти Сума Чакрабарти, министрликтер жана ведомстволордун жетекчилери  катышууда.