Жаңылыктар
Казакстанга жемиш кайрадан экспорттолот
Экономика
Казакстанга жемиш кайрадан экспорттолот

Казакстан  22-майдан тарта  Кыргыз Республикасынын аймагынан Казакстан Республикасына азыктык жана үрөндүк картошка, алма, курма ташууга тыюу салууну алып салды. 

Убактылуу карантиндик фитосанитардык чаралар 2019-жылдын 19-февралында казак тарап аркылуу киргизилген.  Бул чечим 2019-жылдын 28-февралында Нур-Султан шаарында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Женис Махмудулы Касымбектин жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча кол коюлган Протоколдун жана карантиндик фитосанитардык көзөмөл маселелери боюнча Жол картасынын жыйынтыгында кабыл алынды.