Жаңылыктар
Бишкекте "Чакан бизнес — ийгиликке бирге" инвестициялык форум өтөт
Экономика
 Бишкекте "Чакан бизнес — ийгиликке бирге" инвестициялык форум өтөт

31-майда,  Бишкекте  Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы  "Чакан бизнес — ийгиликке бирге" деп аталган инвестициялык форум өткөрөт.  

Иш-чарага  чакан жана орто бизнес менен алектендер   чакырылууда.  Анда  каржы булактарына жол ачуу жана башка мүмкүнчүлүктөр менен каражат табуу жолдору  боюнча пикир алышуу болот.   Ошондой эле техникалык жана консультациялык маалыматтарды алуу маселелери талкууланат.