Сомали мамлекетинин борборунда Парламенттин имаратынын жанында жарылуу болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазды.
Маалыматка ылайык, жарылуудан 6 адам: Сомали улуттук армиясынын командири, 2 жан сакчысы жана 2 күзөтчү аскер каза болуп 13 киши жаракат алды.
Буга чейин ушундай эле жардыруу Президенттик резиденцияда да болуп, жардырууну «Аш-Шабаб» террордук тобу мойнуна алган.
Мындан эки сааттан кийин эле Могадишо шаарында дагы жардыруу кайталанып, бир аскер кызматкери каза болгон.