Жаңылыктар
"Аккордеон күнү" саамалыгы жандуу уланууда
Маданият
"Аккордеон күнү" саамалыгы жандуу уланууда

Азыр ушу тапта Коомдук телерадиоберүү корпорациясындагы Кыргыз радиосунун толкунунда "Аккордеон авазы" күнү өтүүдө. Аккордеондун ар багыттагы музыкалык жанрларга тийгизген таасири жөнүндө маданий чөйрөнүн кызматкерлери сүйлөп, залкарлардын эмгеги тууралуу айтылууда. Анын алкагында аккордеондо ойногон профессионал таланттар өнөрлөрүн элге тартуулап жатышат. Мындан тышкары Кыргыз радиосунун «Алтын казынасына» жазылып алынган аккордеон кайрыктары жаңырууда.