Жаңылыктар
Быйыл Кыргызстанга 7,5 миллион турист келери күтүлүүдө
Туризм
Быйыл Кыргызстанга 7,5 миллион турист келери күтүлүүдө

Быйыл Кыргызстанга 7,5 миллион турист келери күтүлүп жатат. Бул тууралуу Туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу билдирди. Анын айтуусунда, былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанга 7 миллионго жакын турист кирип чыккан. 

Ал эми быйылкы жылга 7,5 миллиондон ашык болору күтүлүүдө. 17-майда Ысык-Көлдө өткөн туризм жармаңкеси менен 2019-жылдын жайкы туристтик сезону ачылган.