Жаңылыктар
Коррупцияга каршы күрөш өз жыйынтыктарын бере баштады
Коррупция
Коррупцияга каршы күрөш өз жыйынтыктарын бере баштады

Акыркы эки жыл аралыгында Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш жанданып, өз жыйынтыктарын берип жатат. Мындай пикирлер “Кыргыз медиа борбор” фонду уюштурган “Экономикалык коопсуздук: коррупция менен күрөшүүнүн болжолдуу жыйынтыктары” аттуу иш чарада айтылды. 

Катышуучулардын баамында ушул тапта коррупцияга аралашкан аткаминерлердин кармалып, алтурсун айрымдарынын ичип-жегендерин кайрадан мамлекетке төгүп берип жатышы кийинки кездерде жемкорлук менен күрөшүү иштери өз натыйжасын берип жаткандыгынан кабар берет.

“Коррупция мамлекеттин кызыкчылыгына коркунуч туудурат. Андыктан аны менен туура эмес күрөшкөндө эч качан жыйынтык бербейт. Мындан улам өлкө башчынын жана жемкорлук менен күрөшкөн органдардын кылган иш аракеттери мамлекетти жандандыруу үчүн жана элдин ишенимин арттыруу үчүн жакшы натыйжа жаратып жатат”,- деди юридика илимдеринин доктору Кайрат Осмоналиев.