Азиз Батукаевдин иши боюнча Нарын шаарынын мурдагы судьясына айып тагылды. Бул туурасында Башкы прокуратура билдирди. Маалыматка ылайык, судья 2013-жылдын 9-апрелинде Батукаевдин жалган жерден чыккан "айыккыс оорусуна" байланыштуу абактан мөөнөтүнөн мурда бошотуу сунуштамасын тыкыр иликтеп чыкпастан, аны канааттандырып берген.
Кылмышкер Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк алган. Белгилей кетсек, Батукаевди Аламүдүн райондук соту 16 жыл 8 айга эркинен ажыраткан. Соттун чечими менен жаза мөөнөтүнүн жарымы өткөндө абактан чыгарылган.
Ал эми Нарын шаарынын мурдагы сотуна Кылмыш жаза кодексинин 335-беренесинин 1-бөлүгү ("Билип туруп акыйкатсыз өкүм чыгаруу") жана 317-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") боюнча айып тагылып, сотко чейинки тергөө иштери башталды.
Эскерте кетсек, Батукаевдин ишин ал кезде Нарын шаардык сотунун судьясы Жапар Эрматов караган.