Жаңылыктар
Өкмөт көмүскө экономика менен күрөшүүнү күчөтөт
Экономика
Өкмөт көмүскө экономика менен күрөшүүнү күчөтөт

Өкмөт көмүскө экономика менен күрөшүүнү күчөтөт. Антпесе, көмүскө экономиканын көрсөткүчү жылдан -жылга өсүп жатат жана мамлекеттик чек арадан эсепсиз өтүп жаткан товарлар экономикага зыян алып келүүдө. Өкмөт башчы көмүскө экономика 24% түзөрүн бул кеминде 160 миллиард сомдун тегереги экенин белгиледи. 

Эсептер боюнча ошондо 35-40 миллиард сомдой каражат бюджетке түшпөй калууда. Мындан улам, Премьер-министр көмүскө экономика менен күрөштүн так жана натыйжалуу чараларын иштеп чыгуу талабын койду. Өзгөчө күйүүчү жана майлоочу майларды темир жол менен гана ташуу багытында иштерди алып баруу тапшырмасы берилди.

Ошол эле учурда Өкмөт башчы көмүскө экономика менен күрөшүүдө бизнеске зыян келбегидей жумуштарды аткаруу жагын белгиледи. Себеби, ак ниет менен иштеген ишкерлер жапа чекпеши керек. Жакында өлкөнүн аймактарында жаңы ишканалар пайдаланууга берилип, эки миңден ашык жумуш орундары түзүлөт. Бул аймактарды өнүктүрүү жылында элет жашоочулары үчүн жакшы жаңылык. Ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдү коргоо жана колдоо Өкмөттүн негизги милдети. Мындан улам мамлекеттик сатып алууларда атамекендик өндүрүшчүлөр өндүргөн продукцияларды алууга басым жасалышы керек, - деди Абылгазиев.

Ошол эле учурда Өкмөт башчы айыл чарба азыктарын кайра иштетүүгө басым жасалышы зарыл деген ойдо. Себеби, кайра иштетилген азыктарды экспортко чыгаруу кирешелүү. Мындан улам, Премьер-министр аймактарда канча ишкана ачылып жатканы жана дыйкандарга алдын-ала кандай айыл чарба өсүмдүктөрүн айдоо боюнча маалымат берилиши кажет экенин белгиледи.

Муну менен катар жыйында мамлекттик ипотеканын пайыздык ченин 6%га түшүрүү багытында жумуштарды ыкчамдатуу маселеси да талкууланды жана “204-жылга чейин токой чарбасын өнүктүрүү” боюнча концепция бекитилди.