Жаңылыктар
Чаткалдын волейбол боюнча өспүрүмдөр курамасы өлкө чемпиону болду
Спорт
Чаткалдын волейбол боюнча өспүрүмдөр курамасы өлкө чемпиону болду

Чаткал районунун өспүрүм балдары волейбол боюнча республикалык мелдеште чемпион болушту. Бул тууралуу Чаткал райондук администрациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мелдешке өлкөнүн аймагынан келген балдардын тогуз жана кыздардын тогуз командасы катышкан. Балдар арасындагы мелдеште 1-орунду Чаткал районунун командасы, 2-орунду Ош облусунун, 3-орунду Ош шаардык өспүрүм балдар спорт мектебинин командасы ээледи. Жеңүүчүлөрдү райондун жетекчилиги, маданият үйүнүн өнөрпоздору жана С.Байдөөлөтов орто мектебинин окуучулары салтанаттуу тосуп алышты.

Жаш спортчулардын бешөөнө Жалал-Абад облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмү тарабынан «Спорттун устаттыгына талапкер» наамы берилди.