Жаңылыктар
"Фермердин паспорту" программасы иштелип чыкты
Айыл чарба
"Фермердин паспорту" программасы иштелип чыкты

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги "Фермердин паспорту" программасын иштеп чыкты. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди. Паспорттун негизинде дыйкандар жана фермерлер бир топ жеңилдиктерге ээ болору айтылат. "Долбоордун максаты — заманбап технологияларды колдонуу менен фермерлердин ишмердүүлүгү боюнча маалымат чогултуу, талдоо жана болжолдоо. Ошондой эле республикадагы дыйкандар менен биргеликте иш жүргүзүү. Долбоор ишке ашса, айыл чарба жерлерин каттоо жөнгө салынып, реалдуу сандар менен ачык статистика түзүлөт", — деп айтылат маалыматта. 

Дыйкандар "Фермердин паспортун" мобилдик тиркеме түрүндө колдоно алышат. Ал IOS, Android жана Windows платформаларында жеткиликтүү болот. Ал эми мамлекеттик түзүмдөр үчүн долбоордун алкагында маалыматтар сакталган сервер түзүлөт. Анын жардамы менен фермерлер жана алар колдонгон ресурстар, айдоо аянттарынын түзүмүн көрүп турушат. Топурактын лабораториялык маалыматтары, ирригациялык системалар, фермердин тарых баяны, түшүм жыйноо боюнча биле алышат. Мындан сырткары, маркалоо жана фитосанитардык сертификаттар менен сапат сертификаттары серверге киргизилип турат. Айыл чарба министрлиги бул долбоордун арты менен фермерлер эл аралык соода аянтчасына чыга турганын билдирүүдө.