Борбор калаада эреже бузгандарды карай турган райондук төрт комиссия түзүлдү. Бул туурасында Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты. Анын курамына райондук администрация жетекчилери, турак жай коммуналдык чарбалардын бөлүм башчылары, шаардык кеңештин депутаттары кирди. Алардан сырткары санитардык-экологиялык инспекция өкүлдөрү, муниципалдык аймактык башкармалыктын башчылары жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери бар. Муну менен шаар бийлиги Эреже бузуулар кодексинин беренелери менен тартип бузууларга айып салууга мүмкүнчүлүк алды. Бул мыйзам ушул жылдын башында күчүнө кирген, бирок айып салууда маселе жаралган. Комиссиянын иши регламенттешпей, ал тургай протокол түзө турган кагаз-бланктар жок болгону билинген.
Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары "Эреже бузууларды караган комиссиянын жобосун бекитүү" боюнча документти февралда кабыл алган. Эми комиссия таштандыларды ыргытуу, тазалыкты булгаган көрүнүш жана башка учурлар, анын ичине түкүрүк үчүн да жазалоо чарасын көрөт.