Жаңылыктар
Талас шаарында бирдиктүү терезе кызматы ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Талас шаарында бирдиктүү терезе кызматы ачылды

Ал үчүн калаадагы эски имарат толугу менен оңдолуп, бардык шарты түзүлүп, интернет тутуму орнотулуп берилди. Саамалыкка Ички иштер министри катышып, борбордун ачылышы менен жарандарга кыйла жеңилдик түзүлгөнүн белгиледи. Анткени министрликтин баш кеңсеси Бишкекте жайгашкандыктан көп маселелерди чечүүдө убакытта уттуруп келген. 

Эми бирдиктүү терезе кызматы аркылуу тактама-маалыматтарды Таластан эле арыз жазып, төлөмдөрүн төлөп, 1же 3 күндүк мөөнөттө ала алууга шарт түзүлдү. Себеби, бул жердеги каттоо министрликтин борбордук базасына түз кошулган. Белгилей кетсек, имаратты толук ремонттон өткөрүүгө Жерүй кенинен түшкөн каражат колдонулган.